Вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиеванын «Айтыш 2016» сынагын көзөмөлдөө боюнча тапшырмасына ылайык, маданият министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков акындар айтышынын тандоо туру жыйынтыкталгандыгын билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, элдин пикирин эске алуу менен жогорку упайлардын негизинде тандоо турунан 8 акын эмес, 12 акын тандалып алынды.

Калыстардын курамы өзгөртүүсүз калтырылып, Кырчын жайлоосундагы айтышта калыстар баасын ачык көтөрмөй болушту. 4-5-сентябрда казак акындарынан 8, кыргыздан 12 акын Кырчын жайлоосунда кызуу айтыш курушат деген ишенимде.

Тандоо турунан өткөн 12 кыргыз акыны:

  1. Назаров Болот
  2. Бейшенов Кадырбек
  3. Маратов Асылбек
  4. Кожошев Чыңгыз
  5. Айдаркулова Изат
  6. Туткучев Аалы
  7. Болгонбаев Азамат
  8. Кутманалиев Амантай
  9. Жеңишбек Жумакадыр
  10. Кулуев Максат
  11. Адылов Шекербек
  12. Айтбаев Идирис

Бугай чейин 15-августта өткөн сынактын жыйынтыгында акындар Жеңишбек Жумакадыр, Баян Акматов, Идирис Айтбаев аз упай алып калышып, тандоо турунан өтпөй калышкан. Төкмө Аалы Туткучев калыстар калыс баалабай койгонун айтып, көчмөндөр оюндарына катышпай турганын жарыялаган болчу.

Бөлүшүү