Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Атамбаев Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу, террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин токтотуу иштери тууралуу маалымат алды.

Абдил Сегизбаев ошондой эле терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу жана өтө турган эл аралык иш-чаралардын учурунда коопсуздукту камсыз кылууга даярдоонун жүрүшү тууралуу  баяндап берди.