Эмдөөдөн өткөрүү тууралуу коомчулукта такталбаган ар кандай маалыматтар айтылып келет. Каршы чыгып, барбай койгон ата-энелер да көп кездешет. Чынында эле вакцинация албай коюуга болбобу?

Республикалык эмдөө борборунун директору, иммунолог Жолдош Калиловдун айтымында, алынып келинген вакциналар абдан сапаттуу болот. Алар Жапония, Франция, Бельгия, Италиядан чыгарылат.

«Вакцина алганда балада ооруга каршы 15-20 жылга жете турган иммунитет жаралып, оору жукса да жеӊил өтөт. Эмдөөдөн өтпөгөн балдарда мындай иммунитет жок болгондуктан оору жукса катуу сыркоолошот. Күчөсө каза болуп калат. Мындан тышкары алар ооруну дени сак адамдарга жугузуп, эпидемияны андан ары таратышы мүмкүн. Муну  түшүнбөй көбү «эмдетүү шариятка туура келбейт» деген түшүнүктү карманып, эмдетпей коюшат”,- дейт.

Бишкек шаарынын тургуну Мээрим Түлөбаева вакциналар чочконун, адамдын түйүлдүгүнөн жасалат деген оюн билдирди.

«Эмдөө нерв клеткаларын өлтүрүп, ар кандай ооруларга алып барат деп уккандан кийин корком»,- дейт.

Ал эми бул боюнча Жолдош Калилов туура эмес түшүнүк экендигин белгилеп өттү.

«Ата-эне түшүнүк кат жазып, баласын эмдетпей койсо болот. Бирок ошол эле учурда мыйзамда эпидемиялык абалга карата эмдөөдөн өтпөгөн балдарды бала бакчага, мектепке убактылуу киргизбөө тууралуу да жазылган», — деди ал.

Дарыгер эмдөө рак ооруларына аутизмге түрткү болот деген маалыматтар негизсиз деп белгилеп өттү.

  • Эмдөө алгач бала төрөлгөндөн кийин 24 саат өткөндө
  • төрөтканадагы 3-5 күн аралыгында
  • 2 айында
  • 3,5 айында
  • 5 айында
  • 1 жашында
  • 2 жашында
  • 6 жашында
  • 11 жашында жүргүзүлөт.