КР оор атлетика федерациясы тарабынан эл аралык арбитраждык сотко аппеляциялык арыз даярдалып жатат.

Ошондой эле эл аралык кызытмага каршы агентикке кайрадан анализ берүү талабы менен кат жазылат.

Бул маалыматты спорт агентигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Иззат Артыков мелдештен соң кызытма-тестке заарасын берген. Спортчунун жыйынтыктары оң натыйжа көрсөткөн. 13-августта ачылган В сынамы да ушундай эле жыйынтыкты көрсөткөндүктөн эл аралык арбитраждык сот Артыковдун медалын тартып алуу чечимин кабыл алган.

Канат Аманкулов улуттук олимпиадалык комитет жана спорт агенттиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, алар иштин чоо-жайын териштирет деп кошумчалады.

Ал эми Иззат Артыков Saat.kgге эч кандай кызытма колдонгон эмес экенин айткан.

«Эч нерсени түшүнбөй турам. Кайдагы стрихнин?»,- дейт ал.