Эл аралык оор атлетика боюнча федерациясы (IWF) Орусияны, Казакстанды жана Белоруссияны  Олимп оюндарынан кийин четтетет.

Бул маалыматты IWFтин президенти Тамаш Аян tass.ruге  билдирет.

«Экинчи жолу берилүүчү  анализ аягына чейин чыга элек. Чыкса мындан да көп өлкөлөр четтетилиши мүмкүн. Кайсы өлкөлөр экенин сентябрь-октябрда айтабыз»,- деп айтылат билдирмеде.

29-июлда IWF Орусияны кызытманы бир нече жолу колдонгон деген айып менен Рио-2016 оюндарына катышууга тыюу салган.