Жайкы Олимп Оюндарында каноэде калак менен айдап жүргүзүү боюнча спорттун түрүндө коло медалга жеткен Сергей Тарновский дисквалификацияланды.
Анын кызытмага каршы берген тести оң натыйжасын көрсөттү.
Эми ал 1000 метр аралыкка жуп менен каноэде калак менен жүргүзүүдө чыга албайт.
Тарновский буга чейин бир коло медалды жеңген. Азырынча анын жыйынтыгы жокко чыгарылабы же жокпу белгисиз. Эгер Тарновскийдин медалын тартып алышса анда коло 4-орунду алган Илья Штокаловго буйруйт.
Спортчунун канында кызытманын кайсы түрү экендиги тактала элек. Сынам Олимп оюндарына чейин алынган.
Буга чейин Иззат Артыков коло медалынан айрылган.
Мындан сырткары, Кытай жана Бразилиянын спортчулары кызытма колдонгон деп шектелүүдө.