Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак-жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда аяктаарын эскертүү менен, бардык транспорт, турак-жай жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат.
Салык төлөөчүлөр салыктарын акыркы күнү төлөгөнгө аракет кылышат. Ушуга байланыштуу, акыркы күнү салык органдарында же банктардын кассаларында кезектер түзүлөт.
1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир жана жер тилкелерине карата салыктарды (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын МСК эскертет.
Салыктар өз убагында төлөнбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.