Учак жасоочу белгилүү «Airbus» компаниясы аба мейкиндигинде жүргүнчү жана жүк ташый турган транспорт курууну пландап жатканын билдирди.

Инновацияны ишке ашыруучу жер катары Бириккен араб эмираттары тандалып алынган. Учуруудагы сыноолор келерки жылдын акыркы айларында ишке ашырылат.

Долбоор жүргүнчүлөр менен катар жүк ташууга да багытталып, биринчи этапта транспортту пилот башкарат.

Жүргүнчү ташуу системасынын кандай болору азырынча белгисиз. Демилгечилер 10 жылдын ичинде ал шаардык транспортто төңкөрүш жасай алат деп ишенет.