Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев чет өлкөлөрдүн окуу жайларынан жогорку аскер окуу жайларын бүтүрүп келишкен офицерлер жана аскердик жогорку окуу жайларга тапшыргандар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аскер мекемесинин жетекчиси бүтүрүүчүлөрдү окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, аларды алган билим-тажрыйбаларын улуттук куралдуу күчтөрдүн өнүгүшүнө жана чыңдалышына колдонууга чакырды, ошону менен бирге эле офицерлердин мындан аркы аскердик кызматына ийгиликтерди каалады.

2016-жылга окууга кетип жаткандарга аскердик илимди мыкты өздөштүрүүсүн каалады.

15 офицер жогорку аскер окуу жайларын бүтүрүп келишти, алардын ичинен экөө алтын медаль менен үчөө эң мыкты деген баалар менен бүткөрүштү, ал эми быйыл 24 офицер жогорку окуу жайларга тапшырышты.

Бөлүшүү