Жайкы олимп оюндарынын акыркы мелдеш күнүндө эркин күрөш боюнча 2 комплект медаль ойнотулат.

Балбан Магомед Мусаев 97 кг чейинки салмакта күч сынашат.

Беттеш бишкек сааты боюнча 18:10 до башталат.

1/8 финалда анын атаандашы Азия оюндарынын чемпиону моңголиялык Доржханд Худербугл болмокчу.

Ал эми 1/4 финалда Мусаев Европанын чемпиону, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээлеген орусиялык Анзор Болтукаев менен жолугат.

Жарым финалдык оюнда чүчү-кулак тартуу аркылуу балбан Европа оюндарынын 2015-жылкы жеңүүчүсү азербайджандык Хетак Газюмов жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык Али Реза Яздани менен беттешке чыгаары белгилүү болду.