Жайкы Олимп оюндарынын 14-күнүндө эркин күрөш боюнча мелдеш уланууда.
Балбан Магомед Мусаев 97 кг чейинки салмакта беттеш жүргүздү.
1/8 финалдык мелдеште балбан моңголиялык Доржханд Худербуглду жеңген.
Чейрек финалда Магомед Мусаев украиналык Валерий Андрийцев менен жолукту.
Алгач үстөмдүк кылып 2:0 эсеби менен алдыда келе жаткан спортчу экинчи таймда атаандашынын тизеси ооруп калганына карабай жеңилип калды.
Жыйынтыгында эсеп 5:2.
Украиналык балбан финалга чыга алган жок. Демек Магомед Мусаев колого болгон мелдеш үчүн күрөшө албайт.