Жайкы Олимп оюндарынын расмий сайты кабарлагандай жабылуу аземи 22-август күнү  бишкек сааты боюнча 5:00дө башталат.

Аземде тууну Айсулуу Тыныбекова көтөрөт.

Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча балбан А.Тыныбекова 58 кг чейинки салмакта күч сынашып, 5-орунга ээ болгон.

Рио-2016 жайкы олимп оюндарынын ачылуу аземинде желекти көтөргөн мушкёр Эркин Адылбек уулу болгон.