Индиянын жашоочусу 2 айдын ичинде ондон ашык бычак жуткан. Аларды алып чыгуу үчүн хирургдун жардамы керектелген.
Бул маалыматты interfax.ru жазып чыкты.
«Ал темир буюмдарды жегенге калоосу пайда болгон. Бул биз тажрыйбалуу хирургдар үчүн дагы коркунучтуу окуя болду»,- деп дарыгерлердин бири кабарлаган.
Алар операцияны 2 күн пландашып, 5 саат жүргүзүшкөн.
Бейтаптын ичинен ичинен узундугу 17,5 см чейин жеткен бычак табышкан. Алар дат баса баштаган.
Операция ийгиликтүү өткөн, бирок бейтап психиатрдын изилдөөсүнөн кийин гана ооруканадан чыга алат.
Адистердин айтымында, бул адам психикалык оору менен жабыркайт. Анткени ал темирдин даамын жакшы көрө турганын жана жебесе жаман болоорун айтыптыр.