Огайо штатында ачык асманда концерт болуп жаткан жерге айдоочу автоунаасы менен көрүүчүлөрдүн арасына кирип кетип,  бир нече адам жабыркады.

Риа новости жазгандай, 74 жаштагы аял машинени токтотуучу жайдан чыгып баратып, газ менен тормозду алмаштырып алган. Жыйынтыгында элдин арасына кичинекей аянтчага кирип кеткен. Жабыр тарткандардын экөөсү оор жаракат алган. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Азырынча эч кандай айып тагылган жок.

Автор: Нуркыз Маматова