Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан күз кыш мезгилине карата бала бакчалардын, мектептердин кыш мезгилине карата даярдыгын текшеришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебин камсыз кылган электр зым тирөөчтөрү кыйшайып, кооптуу абалды түзгөн. Буга байланыштуу тез аранын ичинде зым карагайларды түздөп, ток өтүүчү электр чордондорун тийиштүү адистер менен калыбына келтирүү үчүн жазма буйруктар берилди. Ошондой эле аталган аймактардагы билим берүү тармактарындагы кыш айларына жүрүп жаткан даярдыктарын, күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.