Родриго Дутерте өлкөгө президент болуп шайлангандан бери маңзат менен алектенгендерди аёсуз өлтүрүү күч алды.

Полициянын наркозаттарды сатуучуларга жана колдонуучуларга каршы жүргүзүлгөн операциясында 712 кишинин өмүрү кыйылган.

Ал эми Дутерте быйылкы жылдын май айында президент болуп шайланган. Ал учурда маңзатка каршы катуу күрөшүүдө. Үч айдын ичинде 1,8 миң адам жан таслим болгон.

БУУ соттук далили жок адамдарды өлүм жазасына тартууга жана баш аламан өлтүрүүгө терс пикирин билдирип, Филиппиндин бийлигин сынга алды. Бул сынга президент каршылыгын айтып, БУУдан чыгып кетерин билдирген. Ал арада өлкөнүн премьер-министри Перфекто Ясай  мамлекеттин уюмдан чыга турган ою жок экенин белгиледи.

Бөлүшүү