Ислам дини — Франциядагы диндер боюнча экинчи орунда турат. Бирок, мамлекет светтик болуп эсептелгендиктен бийлик тарабынан көзөмөлдөр болуп турат.

Буга чейин болуп өткөн теракттар чочулоо жаратып, Франция мечиттерден жана каржыланып турган диний уюмдардан абайлап, радикалдашууга каршы күрөшүү жүргүзгөнгө өттү.
Премьер-министр Манюэль Вальс радикалдашуудан сак болуу үчүн ислам динин реформалоо керектигин айтты.
Бийлик мамлекеттин карманган принциптерин сактабаган, аял менен эркектин теңдигине шек келтирген, жек көрүүнү жараткан мечиттер менен намазканаларга орун жок экенин билдирди.

Өткөн жылдагы экстремизмге каршы күрөшүүдө 20 чакты сыйынуучу жайды жабууга буйрук берилген. Жалпы жонунан 2,5 миң мечит бар. 4 жылда салафиттик жайлар көбөйүп, 120 мечит менен намазканалар радикалдашуунун очогу катары бааланган.

Бийлик тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө аталган жайлардын чет өлкөлөр тарабынан каржыланганы белгилүү болгон. Францияга имамдарды Алжир, Түркия жана Марокко көп жиберери маалым болгон. 

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү