Бул маалыматты Түркиянын президентти Тайип Эрдоган билдиргенин Франс Пресс агенттиги кабарлады.

Жардыруу түзмөктөрүн өспүрүмдөр өздөрү же башка бирөө алып келгенин белгиледи.

Ал чабуулду «Исламдык мамлекеттин» террордук тобу баскындары жасаганын айтты.

Ошондой эле Эрдоган белгилегендей, жардыруунун айынан 51 киши каза тапты, дагы 69 адам жабыр тарткан, алардын 17си оор абалда.

Окуя жекшембиге караган түнү той учурунда болгон. Окуя болгон жерден полиция кызматкерлери жанкечтинин кур калдыктарын табышкан.

Автор: Нуркыз Маматова