Быйыл январь-июль айларында мамлекеттик салык кызматы тарабынан 36 млрд 267,6 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулган.

Салык кызматынан билдиргендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млрд 109,4 млн сомго же 38,5 пайызга көбөйгөн.

2016-жылдын июль айында 5 млрд 204,5 млн сом суммада салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 102,5%га аткарылып, 127,8 млн сомго ашык аткарылган.

Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 1 млрд 147,9 млн сомго же 28,3%га көбөйгөн.

Бөлүшүү