Ал арада ичүүчү суу тартыш болуп, адам өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн.

Бул божомолдоолор чындап боло турган болсо аталган чөлкөмдөгү араздашуулар көбөйүп, качкындардын агымы күчөй турганын БУУ айтып чыкты.

Температуранын азыркы убактагы экстремалдуу ысышы алдыдагы сыноодон кабар берип тургансыйт. Быйыл Ирактын Басра шаарында күндүн ысышы 53,8 даражага, Кувейттин Митрибах шаарында 54 даражага жеткен.

Ал эми Бириккен араб эмираттарында температура 48-50 даражага жетүүдө.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Персид куймасындагы айрым өлкөлөрдө кургакчылык болорун божомолдойт. Азыркы учурда да көп өлкөлөрдө ысык климаттан, жаратылыш ресурстарын ашыкча колдонуудан жана агроөнөржайдын өнүгүшүнөн улам суу тартыш болуп жатканы айтылат.