23-августта Евразиялык патенттик уюмдун (ЕАПУ) административдик кенешинин алгачкы жетекчилеринин  жыйыны болот.

Кыргызстандын (Оморов Р.О.), Казакстандын (Алчимбаева Р.Т.) улуттук патенттик мекемелеринин алгачкы жетекчилери демилгелеген учредителдик жыйынында ЕАПУнун Эл аралык коомдук кеңешинин уставы менен жетекчиси бекитилет.

Учурда тутумуна Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Таджикистан жана Түркменстан кирген Эл аралык коомдук кеңеш ЕАПУнун улуттук патенттик мекемелеринин гармониялуу аракеттешүүсүн жана өнүгүүсүн көздөйт.

Уюмдун негизин ЕАПУнун Конвенциясын түзгөн ардагерлер, улуттук патенттик мекемелердин алгачкы жетекчилери — өнөр жай менчигин коргоо (Өнөр жай менчигин коргоо боюнча 1993-жылдын 12-мартындагы Келишим) боюнча мамлекет аралык кеңештин мүчөлөрү түзөт.

Бөлүшүү