Кечээ, 22-августта 2 жаштагы наристе «Увам» каналына чөгүп кетти.
Бул маалыматты ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Оштун тургуну саат 10:30да анын 2 жаштагы Г.С. аттуу баласы каналга түшүп кетти деп кайрылган.
«Баланы куткаруучулар азырынча таба элек. Издөө иштери бүгүн дагы уланат», — деп билдирди.
Автор: Нуркыз Маматова