«Майндулл» жана «компасу» тайфундары нөшөрлөп жааган жаан менен коштолуп, шамалдын ылдамдыгы саатына 144 кмге жетүүдө.

Тилсиз жоонун кесепетинен 58 жаштагы аял менен 40 жаштагы эркек каза болуп, 61 адам жаракат алган.

Дарыялардын суулары жээкке чыгып, жолдорду сел каптап жана фермалардын кыйрап жатканы айтылат. Аэропорттордо 500гө жакын рейстер токтотулган. Адамдар үйлөрүнөн чыга албай, ишемби күнү 1 млн адам эвакуацияланган.

Андан сырткары Токиодо бактар кулап, бирөө темир жолдун рельсин басып калган. Синоптиктер болсо бороондуу шамалдын жакын арада Охот деңизин көздөй кетерин божомолдошууда.