Жапон генетиктери аарчып жана туурап жатканда жаш чыгарбай турган пиязды өстүрүшүп, ага 20 жыл коротушкан.

Анын сыры көздү кычыштырып жаш чыгарган газдын жоктугунда болуп эсептелинет. Пиязды жемиш катары ачырканбай жесе да болот.

Жапондор ага Smile Ball (Күлүп турган шар) деген атты беришти. Ал ушул күздө сатыкка чыга баштайт. Эки баш пияздан турган куту 4,3 долларды түзөт. Бул баа кадимки жашылчанын баасынан эки эсе жогору.