Дүйнөдөгү сайттардын саны 2015-жылы 1 млрдга жеткен. Ал эми 2012-жылы расмий эсептөөлөр боюнча 676 млн 919 миң 707 сайт болгон.

Биринчи сайт

Ал эми жер жүзүндөгү эң биринчи сайт 1990-жылы пайда болуп, ал азыркы веб-баракчаны элестетчү. Негизи 1960-жылдары эле компьютердик желелер жасала баштаган. АКШнын өкмөттүк жана аскерий уюмдары радиоберүүлөрдүн каналдары жана кабелдик сызыктар аркылуу желелерди колдонушкан. Алардын бири — ARPAnet. 1970-жылы анын 15 түйүнү болуп, электрондук почтасы пайда болгон жана e-mail адресинин символу маймылча @ белгиси болуп калган. Ал эми интернет өзү 1983-жылы пайда болду.

Сүрөт, видеосуз тексттер гана болгон

Ядерлик изилдөөлөр боюнча Европалык борбордун кызматкерлери Тимоти Жон Бернес менен Роберт Кайо 1990-жылы майда биринчи сайтты ишке киргизип, info.cern.ch. деген домендик ат коюлган.

Ал сайт өтө жөнөкөй болгон. Эң биринчи браузерде компьютердик графика менен иштөө жок болгондуктан анда бир гана тексттер болгон. Ал эми графикалык браузер 1993-жылы World Wide Web (www) – «бүткүл дүйнөлүк желе» ишке киргенде пайда болуп, сайттардын саны 100гө жетип калган.

Азыр түркүн-түрлүү сайттар бар

Учурда сайттардын саны 1 млрддан ашты. Каалаган тармак боюнча, каалаган темада жана тематикада тапса болот. Интернет дүйнөсүндө аларга кадимкидей баалар берилип, “эң кооз”, “эң мыкты”, “эң кызыктуу” деген наамдар ыйгарылып, 10дук, 20лык топко киргизилип турушат. «Алтын сайт» наамына ат салышуу жыл сайын өткөрүлөт.

Айрым өлкөлөр дүйнөдөгү коопсуздукка карап, коркунучтардын алдын алуу үчүн кээ бир сайттарга тыюу салышат. Орусияда 2012-жылы тыюу салынган сайттардын бирдиктүү тизмеси иштелип чыккан. Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия сыяктуу өлкөлөр элди интернет айдыңында катуу кармашат.

Кыргызстандагы сайттар

Кыргызстандагылары — оюн-зоок сайттары, блогдор, адистештирилген сайттар, маалыматтык сайттар, салттуу ЖМКдын сайттары, расмий органдардын сайттары, жана корпоративдик сайттар болуп бөлүнөт. “KG” аймагында 10 миңге чейин веб-сайттар катталган. Эсепке алып турган NET.KG де 1 452 сайт катталган.

Алар материалдарын социалдык тармактарга шилтеме кылып, жарнамалашат. Ошону менен да колдонуучуларга кеңирээк тарайт жана тез жетет.

Сайттардын жарымынан азын кыргыз тилдүү болуп эсептелинет. Анткени, өлкөдөгү интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгүн шаардыктар жана орус тилдүүлөр түзөт.

Маалыматтык жана ММКдын сайттары

Кыргызстандагы ММКдын арасынан алгачкылардан болуп “Кабар” маалымат агенттиги 1997-жылы өзүнүн сайтын ачкан. Учурда 110 ММКнын сайты бар. Алардын жарымын гезит-журнал, телеканал жана радиолор ачкан.

Интернет колдонуучулардын көбөйүшү менен бирге сайтка кирүүчүлөрдүн саны да көбөйгөн. Алар ыкчам, кыска маалыматтары менен утат. Ошого жараша ал гезиттин ордун басып барат. Ал дагы интернеттеги маалыматтардын оперативдүүлүнөн улам болууда. Мисалы, жол кырсыгы каттала турган болсо сайттын кабарчысы дароо сүрөткө тарта калып сайтка жүктөп, баяндамасын жазып коёт. Ошол эле маалыматтар башка ММКга бир саат, бир күн же бир жумадан кийин чыгышы мүмкүн.

Аталган сайттардын телефонго жүктөп алууга боло турган тиркемелери да бар.