Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппарат жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды.
Жолугушууда президент Кыргызстандын тышкы саясий ишмердиги, тышкы саясаттын негизги багыттарын өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары, андан тышкары Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоо боюнча, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы демилгелерди жылдыруу тууралу маалыматтарды укту.
Мамлекет башчысы кыргыз эли өзүбүздүкү деп эсептеген бир катар жерлерди мурдагы президенттер менен кызмат адамдары коӊшулардыкы деп тааныган фактылар мезгил мезгили менен ачыкка чыгып жатканын белгиледи. “Чегинген” жерлер боюнча маалыматтарды чиновниктер бекем жашыргандыктан, алар тууралу элибизге гана эмес, Кыргыз Республикасынын азыркы Президентине да белгисиз болуп келген.
Президент ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналышкан кызмат адамдары кол койгон мындай “келишимдер” тууралу чындыкты эл билүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Ал документтер ратификациялана элек жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо да, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык алар келечектеги макулдашуулардын негизин түзүп калгандыктан, азыр кыйла кыйынчылыктарды жаратып, Кыргызстандын улуттук таламдарын талашууга чоӊ тоскоол болууда.
Атамбаев өкмөткө жана түздөн-түз тышкы саясый мекеменин башчысына өзгөчө чек ара маселели боюнча бардык эл аралык келишимдер менен макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары кол койгон протоколдор менен меморандумдарды тереӊ текшерип чыгууну тапшырды.