Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча тегерек стол уюштурулду.

КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов Баш мыйзамды өзгөртүү менен бийликтин аткаруу бутагы турукташат экенин, президент менен өкмөт башчынын ортосунда түшүнбөстүктөрдү жарата турган пункттарды алып салуу керек экенин билдирди. Ал премьер-министрдин кызматтан кийинки депутаттык мандатынын сакталышын колдойт. Ошондуктан анын позициясын күчөтүү керек деген оюн айткан.

Ал эми президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизилбеши керек деген чындыкка дал келбейт экенин айтат.

Ал конституцияга өзгөртүү киргизүүнү Алмазбек Атамбаев колдоп жатканын билдирип, президенттик аппаратка демилгени ишке ашыруу үчүн эл өкүлдөрүнө жардам берүүнү буюрганын кошумчалады.

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш мыйзамды өзгөрткөндөн майнап чыкпайт жана өлкөдө 2010-жыл кайра кайталанышы мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле президенттик аппараттын сот системасына кийлигишип жатканын билдирди.

«Мен бир нече мисал келтирип бере алам. Мисалы, депутаттар Батукаевди бошотуп жиберген сотту кызматтан алып, ага мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынышын өтүнгөнбүз. Бирок, ага карабастан Алмазбек Атамбаев аны райондор аралык сот кызматына отургузуп койду. Ал эми Оштогу маңзат сатуу менен кармалган 13 адамды бошотуп жиберген сотко каршы болгонубузга карабай кайра аны сот кылып дайындап койду», — деди Текебаев.

«Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова болсо, көптөгөн депутаттар документти толугу менен окубай туруп баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп кол коюп бергенин айтат.

«Алардын колдору толгонуу болду. Анткени, президенттик аппаратка кол чогултасыңар деген буйрук түшкөн. Алгач 47 кол чогулуп, кийин дагы 87 кол коюлду», — деди Жакупова.

Бөлүшүү