Албетте, Олимпиадада жеңишке жеткендер медалдарын тиштегенин көп кездештиребиз. Бирок себеби эмнеде?

Бул жаңы мода эмес. Тескерисинче, медалды тиштөө 1991-жылдан тарта башталган.

16640315-196982-1471782127-650-ab22d16e2b-1471951868

Сүрөттөрдү кооз образга айландырыш үчүн сүрөтчүлөр жеңүүчүлөрдү медалдарынын чын эле алтын экендигин билип коюуга даамын татып көрүүнү суранган.

16640265-GettyImages-587767924-1-1024x683-1471781586-650-6d8050a612-1471951868

Мындай салт жөн жерден чыга калган жок. Мурда алтындын сапатын билиш үчүн аны тиштеп көрүшкөн. Тиштин изи алтында калыш керек, чыныгы алтын жумшак болуп саналат.

16640715-13FEB-Mo-Farah-Olympic-Gold-Medal-1471782210-650-80db274846-1471951868

Медалды тиштөө кооптуу да болушу мүмкүн.  2010-жылы Олимп оюнчусу David Moeller өзүнүн жеңишинин даамын татып көрөм деп, тишинен айрылып калган.

1

  Медаль чыныгы чемпион үчүн эң чоң жана баа жеткис байге болуп саналат.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү