Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекциясы 31-августта Бишкекте өтө турган иш-чаралардын программасын жарыялады.

Эртең мененки блок
09.00-09.40 Параддык эсептердин колонналарынын «Ала-Тоо» аянтына жылышы жана тизилиши
09.40-09.45 Параддын кол башчысынын команда бериши. мамлекеттик туунун жана куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн байрагы алынып чыгат.
09.55 Президент, куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алмазбек Атамбаевдин келиши.
10.00 Фанфаристердин чыгышы. Фанфарлар жаңырат. Параддын башталышы.
10.03-10.11 Генералдык штабынын башчысынын жана параддын кол башчысынын аскерлер менен учурашуусу, куттуктоосу.
10.11 Президенттин куттуктоо сөзү.
10.20 Параддка катышучулардын салтанаттуу марш менен басышы, аскер техникасынын өтүшү жана авиациянын учушу.
10.40 Аскердик параддын бүтүшү.
 

Күндүзгү блок

 

10.00-15.00 Ата-Түрк паркында Бишкек шаардык райондорунун, конуштарынын майрамдык иш-чаралары.
12.00-15.00 Эски аянтта Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жамаатынын, кыргыз эстрада жылдыздарынын, ЖОЖдордун студенттеринин концерттик программасы. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү. Спорттук мелдештер.

Кожомкул атындагы спорт ордосунда жана улуттук филармонияда концерттик программалар, филармониянын жанындагы жаштар аллеясында конкурстар, викториналар өтөт.

17.00-17.30 «Улуттук кийимдер» акциясы
Улуттук ат оюндары

 

10.00 – 11.30 Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн 3-4 — орун үчүн оюн

 

11.30 – 13.00 Көк-Бөрү финалдык оюн
13.00 —  13.50 Расмий  бөлүм.  Сыйлыктарды тапшыруу аземи,                           концерттик программа
13.50-15.30 Кунан чабыш, Жорго салыш, Ат чабыш
16.00 Жабылышы
 

Кечки блок

20.30-20.55

 

Көз карандысыздыктын 25 жылдык мааракесине жана тарых жана маданият жылына арналган театрлаштырылган пролог.
20.55-21.00 Алып баруучулар расмий бөлүктүн ачылышын жарыялайт. Гимн жаңырат.
21.00 Куттуктоо сөз
21.05 Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада артисттеринин концерттик программасы.
23.00 Майрамдык фейерверк
Бөлүшүү