Кыргызстанда радиоактивдүү калдыктар сакталган жайларга жакын жайгашкан калктуу аймактардын социалдык- экономикалык өнүгүүсү боюнча БУУнун өнүгүү программасынын бир катар долбоорлору Чүйдүн Орловка шаарында ишке ашты.

Ага ылайык, 58 миң долларга жолго суу, кум чача турган унаа сатылып алынган.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Ошондой эле Орловка шаарынын эки мектебинде жылуулук изоляциялоо иштери да жүргүзүлгөн.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Шаардагы эки орто мектепте терезелер толук алмаштырылган.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Шаар мэри Жумгал Дүйшебаев алдыда дагы бир канча долбоор бар экендигин баса белгилеп өттү.

Алардын арасында  жаштардын демилгеси менен 3,5 млн сомго күнөскана курулат. Долбоорлор Орусия тарабынан каржыланып жатат.