Кербен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен Пекинден 2014-жылы чыккан.
Улуу жибек жолунун маршруту менен келе жаткан 1,5 кмлик кербенди 54 төө, 10 арабалуу жылкы жана унаалар коштоп жүрөт.
Ал орто кылымдардагы жибек жолундагы соодагерлердин жүрүшүн элестетет. Жүрүш Чүйдөгү Ленин айылынан баштап Баткенге чейин барат. Аны куралданган кыргыз аскерлери коштойт.
Кербен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан убакта Кырчын жайлоосуна жете барып, иш-чарага катышат.
Сапардын 2019-жылы Римде барып токтоорун жүрүштүн катчылыгы билдирет.