Желекти Рио-де-Жанейро шаарынын мэри Эдуард Паэс Токионун губернатору Юрико Коикэге Олимп оюндарынын жабылыш аземинде тапшырган.

2020-жылы Жапониянын борборунда жайкы Олимп оюндары өтөт. Учурда желектин Бразилиядан Токиого жеткени белгилүү болду.

2013-жылы сентябрда эл аралык Олимп оюндарынын комитети тарабынан оюндарды өткөрүүгө Токио шаары тандалып алынган. Тандоодо Стамбул менен Мадрид шаарлары да ат салышкан.