Кыргызстандан барган азык-түлүктөрдү Новосибирск облусуна киргизбей коюшту. 

Анткени, 2 тонна кара өрүктүн кагы менен 150 кг күрүчтүн фитосанитардык коопсуздукту тастыктаган сертификаты жок болуп чыккан.

Аталган азыктар транзиттик транспорт менен Казакстан аркылуу барган. Алар Орусиянын аймагында сатылмак.

Орусиянын аймагына азык-түлүктөрдү киргизүүдөгү эл аралык карантиндик мыйзамга ылайык кара өрүктүн кагы менен күрүчтүн КРги ээсине кайтарылганын  орус басылмалары кабарлады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү