Аталган жаран 23-августта тергөө абагына уруулукка шектелип 7-жолу түшкөн.
Бул тууралуу маалымат жыйында жаза аткаруу кызматынын тарбия иштери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максатбек Турпанбаев билдирген.
Турпанбаевдин айтымында ал 21 жашта болгон жана кургак учук оорусу менен ооруп жүргөн.
«Жаза өтөөчү шейшеп менен асынган. Суициддин себеби такталууда. Ошол күнү ал сейилдөөдөн баш тартып, ден соолугуна арызданып камерада жалгыз калган» — деген жетекчинин орун басары.