Орловка шаарынан 50 км алыстыкта жайгашкан Ак-Түз айыл аймагында болгону 800 түтүн жашайт.

Айыл

Бирок айылда кийим тигүүчү, эмерек жасоочу цехтер жана бала бакча бар.

9f151c32-2ab4-4de5-94b4-7cc7fa3af203

Айыл БУУнун өнүгүү программасынын негизинде ишке ашырылууда.

Тигүүчү цехте онго жакын пенсия курагындагы аялдар иштейт. Аларга үйдө отура бербестен каражат таап, үй-бүлөсүн бакканга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Цехте кийимдерди оңдоп-түзөө, кызга сеп жасап ошондой эле тапшырык боюнча да кийим тигүү жүргүзүлөт.

Эмерек цехинде 3 жумушчу иштейт. Көбүнчө эски эмеректерди оңдошуп, тапшырык менен да иштешет. Эмеректерди 3000-30000 сомго чейин жасашат.

Кардарлары Ак-түз жана жакынкы аралыкта жайгашкан айыл тургундары.

Аймак деңиз деңгээлинен 2300-2500 аралыкта жайгашкан.

1 018 750 сомго бала бакча быйыл толугу менен оңдоп-түзөлүп бүттү.

b3d78299-a635-4c66-b84a-ee1b7e47804c

17 жумуш оруну бар. 70 чүрпө тарбия алат.

«Жакында үй-бүлөлүк медициналык борбор да ачылат. Айылыбыздын илгери бүткүл союзга дүңгүрөгөн аты бар болчу. Бизде ири металлдар чыккандыктан, согуш убпгында ар бир үчүнчү ок Ак-түздө жасалчу»,- дейт айыл өкмөтү Канат Акматов.

Айылда көбүнчө кыргыз улутундагы адамдар жашайт. Орустардан 5-6 үй-бүлө гана. Ага карабай мектепте орус класс кыргыз класс бар.

Калктын көбү мал багат.

Бирок аймак улуттук сейил бактын карамагында болгондуктан, жайыт жерлер аз. Себеби малды коё берүүгө болбойт.

Интернет толугу менен тартпайт. Сыналгыдан КТРК жана орустардын биринчи каналын гана көрүүгө болот.

Жаратылышы кооз болгону менен эс алуучулар жок. Көбү билбейт, алыс.

Жакында айылдан 2 км алыстыкта жайгашкан лыжа базасы курулганы турат.

Айыл жашоочулары да жергиликтүү өкмөт бул база туристтерди Ак-түзгө да тартат деген ойдо.

29d528dd-5bd0-4412-9ce3-25bbbe86281a

Тургундар арызданбай, өз арабасын өзү түртүп жаткан кези.

Айылды жакшыртуу боюнча долбоорлордун донору Орусия.