“Түндүк электр” ААК электр куроочулары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзүн изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоо иштерин алып барууда. 

Азыркы учурда өзүн изоляциялаган зымдарды тартуу иштери  Батыш автобекети тарапта, Элебесов көчөсү менен булгаары заводко чейин, Коммунарская, Республиканская көчөлөрүндө жүрүүдө.  Бугүнкү күндө Бишкек шаарынын Чыгыш жана Батыш райондук электр тармактары тарабынан 8,5  км узундуктагы 0,4 кВ аба электр чубалгылары  реконструкциаланып, 1450 темирбетон тирөөчтөрү орнотулду.

Ал эми Чүй облусунда  “Түндүк электр” ААК адистери өзүн изоляциялаган зымдарга темир бетон  тирөөчтөрүн  Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка (Киров, Пионерская, Лермонтов көчөлөрүндө), Сокулук районуна караштуу Сокулук (Фрунзе, Киров, Полевая көчөлөрүндө) айылдарында орнотууда.

Жалпысынан “Түндүк электр” ААК  2016-жылы өз каржы эсебинен өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен 120 чакырымга жакын 0,4 кВ аба электр чубалгыларын реконструкциялайт, анын ичинен:

Чүй облусунда – 20 чакырым, Бишкек шаарында – 100 чакырым.

Өзүн изоляциялаган зымдар кичине салмакта болуп,  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Өзүн изоляциялаган зымдын артыкчылыктарынын санына оңдоодогу жөнөкөйлүгү, чыңалуу алдында иштөө мүмкүнчүлүгү, коопсуздуу тейлөө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн өз алдынча кошулуп алуу факторун жокко чыгаруу кирет.