Процесс жабык режимде өтөт.
Бул тууралуу «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнүн туугандары маалымат жыйында билдирди.
12-майда кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков жана мүчөлөрү Төрөбай Колубаевду жана Марат Султанов менен бирге «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды» деп шектелип, камакка алынган. Алар 50 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүп, Атамбаевдин отставкасын талап кыла турганын билдиришкен.