Куткаруу иштери түнү менен жүрүп азыр да уланууда. 

Риете коммунасындагы жабыркагандардын саны 190 адамга жеткен жана Асколи-Пичено провинциясында 59 адамдын каза болгондугу айтылууда.

Кечээ түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзала имараттарды кыйратып, жолдор менен көпүрөлөрдү иштен чыгарып жараксыз кылган.