Эгемендүүлүк күнүнө карата Орусиядагы КРдин элчилиги диаспораларды, жаштар уюмдарын жана Москвада жашаган аксакалдарды чогултат.

Былтыр кыргыз уюмдардын бири волейбол боюнча жаштар арасында турнир өткөргөн. Аталган иш-чара эгемендүүлүк майрамына карата быйыл дагы уюштурулушу мүмкүн.

Андан сырткары көз карандысыздык майрамынын алдында, башкача айтканда 27-августта кыргыз эстрада жылдыздары катышкан «Достук көпүрөсү» аттуу концерт өтөт.

Артисттер 2 миң доллар гонорарга чакырылганын, аны жөнөкөй жарандар же эмгек мигранттары өткөрүп жатканын концерттин уюштуруучулары билдирет.

Бөлүшүү