2000-жылдан бери дүйнө жүзүндө 72 миңден ашуун теракт болуп, 170 миң адамдын өмүрү кыйылган.

Өлүмдөрдүн 80%ы радикал уюмдардын кесепетинен улам болуп, алардын көбү Иракта (15864 теракт), Пакистан (9708), Ооганстан (7641), Индия (6023), Таиландда -2848 жана Филиппинде (2872) катталган. Филиппиндин сепаратисттери 40 жылдан бери көз карандысыз ислам мамлекетин куруу үчүн күрөшүп келе жатат.

Каза болгон 170 миң адамдын 86 миң 154тү Ооганстан, Ирак жана Пакистанда каза болушкан. Теракттардан 260 миң 284 киши жаракат алган.

Жанкечтилер өздөрүн»шахид» (шейит) деп аташат. 15 жылдан бери шахид катышкан 3649 теракт болуп, алардын көбүн ислам радикал уюмдары уюштурган.

4497 чабуул саясий өнөктөшкө болгон өчөштүктөн улам жасалган. Террордук ыкма менен душманды жок кылуу Иракта көп катталган (1 063). Ал эми инфраструктуралык обьектиге чабуул жасоодон 4182 кол салуу болгон.

2000-жылдан бери 7034 теракт ишке ашпай калган. Аларды убагында токтотуу жана болтурбоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.