Бүгүн эрте менен сейсмология институтунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

ӨКМ билдиргендей, Ырдык айылынан түндүк батышка карай 5 км, Челпек айылынан түндүк-батышка карай 7 км, Каракол шаарынан батышка карай 10 км жана Жети-Өгүз районунун борборунан түндүк чыгышка карай 10 км жерде зилзала болгон.

Жер титирөөнүн күчү Ырдык жана Челпек айылында 2,5-3 баллга, Караколдо 2,5 баллга жеткен. Алдын ала билдирүүлөр боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.