Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстандагы жемиштүү ишмердиги үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.

Атамбаев кийинки жылдарда кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүндө жакшы өзгөрүүлөр болуп, эки тараптуу мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычына көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө карай багыт мындан ары да улана берерине ишене тургандыгын билдирди.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан кыргыз-кытай долбоорлору, анын ичинде энергетике жана инфратсруктураны өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлор өлкө өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.