Хакерлер cfire.mail.ruдан 12,8 млн, parapa.mail.ruдан 8,9 млн жана tanks.mail.ru дан 3,2 млн аккаунтка кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Mail.ru басма сөз кызматы билдиргендей, LeakedSourceнун маалыматында айтылган паролдор эчак эле актуалдуулугун жоготкон.
Ошондой эле, mail.ru азыр LeakedSourceтун базасында паролдордун дал келүүсүн текшерип жатканын билдирди.
«Бул оюн форум долбоорунун эски паролдору. Mail.ru Group оюндары жана форумдары мурдатан эле бирдиктүү, коопсуз системага өткөрүлгөн. Почта аккаунтарына жана башка сервистерге бул паролдор эч кандай тиешеси болгон эмес» — деп белгиледи компаниянын өкүлү.
2016-жылдын май айында компьютерлер коопсуздугу боюнча адис Алекс Холден айткандай, хакерлер чоң кол салуу уюштурушкан, натыйжада «орусиялык кылмыш» тобу 272 млн түрдүү компаниялардын каттоо эсебин жана паролдорун алышкан.
Автор: Нуркыз Маматова