Бүгүн эртең менен Италиянын Аматриче шаарында жер дагы бир жолу силкинди.
Тилсиз жоонун күчү 4,8 баллга жеткен. Өткөн түндүн ичинде 10, эрте менен 9 жолу жер титиреген.
Мурунку болгон жаратылыш кырсыгынан мерт болгондордун саны 267ге жетип, 400 адамдын жарадар болгону айтылат.