Оозеки айтылганы менен бүгүнкү күнгө чейин лабораториялардын ишке киргени, өз функциясын аткарып жатканы тууралуу кабар жок.

Тастыктама жок ЕАЭБ өлкөлөрү товарларды кайра жөнөтүүдө

Ал эми алар толук түрдө ишке киргизилип, экспорттоло турган товарларга сапаттуу, таза жана жарактуу деген тастыктама берилбесе ЕАЭБ өлкөлөрүнө кеткен азык-түлүк продукциялары кайра кайтарыла бериши мүмкүн.

Быйылкы жаз-жай айларында Казакстандан карантиндик талаптарга жооп бере албайт деген негизде жашылча-жемиштер кайтарылып жатты. Картөшкөгө тыюу салынып, кайра алынды. Ал эми орусия басылмалары КРден тонналап барган азык-түлүк продукцияларынын атып атап, кайра ээсине жиберилгенин азыркыга чейин жазып чыгышууда.

Ишке ашпаган тапшырма

Өкмөт курула турган лабораториялар үчүн жоопкерчиликти айыл чарба министрлигине берген.

Буга чейинки агро тармакка тийиштүү жыйындарда бул маселе ар дайым айтылып келген. Бир ай мурунку өкмөттүн отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тез арада ишти бүткөрүү боюнча айыл чарба министрлигине тапшырма берген эле.

“Канча каражат керек болсо ошончо бөлүп берели. Бирок, силер убагында курулуп бүтөрүнө кепилдик бергиле. 2017-жылдын бюджетине жабдууларга керектеле турган каражатты киргизебиз. Орусия менен Казакстан бере турган каржылык жардамды күтүүгө убакыт жок болгондуктан өзүбүз каражат бөлдүк», — деген өкмөт башчы.

Шартка байланыштуу ишке киргизүү мөөнөтүн жылдырганга туура келгенин өкмөт башчы кошумчалаган эле. План боюнча 1-августта толук түрдө ишке киргизилиши керек болчу.

Саны бар сапаты жок

Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун билдирүүсүндө  Кыргызстанда лаборатория жок эмес.

28 лабораториянын көбү жарактан чыккан, эң алды дегени 1938-жылдары курулган. Анын билдирүүсүндө, Бишкек менен Ошко жана жети облуска бирден текшерүүчү жай жетет.

“Айрымдарын оңдоп-түзөп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылып алса болот. Андан сырткары адистер жетишпейт”, – деген ал.

ЕАЭБдин талабы боюнча тийиштүү документти жана жарактуу, сапаттуу деген сертификатты дал ошол лабораториялар гана бере алат.

Экспорттоочулардын ыйы

“Агролид” ишканасынын кызматкери Кайыргүл Казылаева чек аралардын ачылганына карабай азыркы учурда экспортко байланышкан маселе курч экенин билдирет.

“Биз товарларды баалоодогу сертификацияга байланышкан көйгөйлөргө чалдыгып келебиз. Лаборатория кызматкерлери тийиштүү анализдерди чыгарып бере алышпайт. Бал азыгын Кытайга алып барган ишкана тоскоолдукка учураган. Аны биздин лаборатория таза деп чыгарып бергени менен аталган өлкөнүн лабораториясы антибиотик таап чыккан. Керек болсо жөнөкөй эл аралык стандарттарга жооп бере албай жатабыз” – деген ою менен бөлүшкөн.

Заманбап лабораторияга жол ачылышы мүмкүн

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин так илимдер факультетинин деканы Али Осмон Солак факультеттин айыл чарба багытына жана ал тармактагы кадрларды окутуп чыгууга көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын айтып, университеттин базасында өсүмдүктөр менен топуракка заманбап жабдуулар менен анализ жүргүзүп жаткан лабораториялар бар экенин билдирди.

“Жакын арада аны колдонууга ачык кылууну пландап жатабыз. Андан кыргыз продукциясын экпорттоону каалагандар товарын текшертип, сертификат алса болот” – деди.

Экспорттон импорт көп жылдар

“1991-жылдан бери айыл чарба секторуна 850 млн доллар грант бөлүнгөн. Ага карабастан көйгөйлөрдүн аягы тыйылган жок. Ага карабастан экспортко караганда импорттун саны көп” – деген маалымат менен “CAFMI” аналитикалык борборунун директору Гүлмира Айдаралиева бөлүшкөн.

Ал эми ЕАЭБдин алкагында түзүлгөн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 11 айдын ичинде 432 долбоорду каржылап, 211 айыл чарба тармагына багытталган долбоорго 57 млн доллар которгон.

Акыркы убактарда күтүлгөн үмүттөр акталбагына көзү жетип, бийлик мүчө болууга ашыгып, биримдикке эрте кирип алганын мойнуна ала баштады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү