Жумгал районунунМиң-Куш айыл аймагынын көпчүлүгү жумушсуз.
Айылда БУУнун өнүгүү программасынын алкагыда тигүүчү цехи ачылган.
Терезелерге парда, буйрутма менен кийим тигүүдөн тарта кызга септи да жасаган цехте 8 жумушчу иштейт.
Жууркан, төшөк, жаздыкчалардын түрү жасалып кардарлардын саны бир топ.
Жумушчулардын арасында жаңыдан үйрөнүп келе жаткандар жана тажрыйбалуу тигүүчүлөрү да бар.
Буга чейин үй-шартында кол өнөрчүлүк менен алектенип келген.
Долбоордун демилгечиси Бүбүайым Умурзакова, бюджети 460 000 сом.
Ошондой эле аталган программа менен жергиликтүү бала бакчада да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Терезелер алмашылып, жылуулук канализация түтүгүн киргизүү иштери бүткөн.
«Бала бакча 1989-жылы курулган. Бир да жолу оңдолгон эмес. 25 бала тарбия алып келген. Азыркы учурда дагы 25 баланы кабыл алууга даярбыз. Ата-энелер айына 300 сом өлчөмүндө төгүм төлөшөт»,- деп кошумчалады «Байчечекей» бала бакчасынын директору Айгүл Дөөлөтова.