Орус мектеби сентябрь айында ачылат.

Бул маалыматты КМШ иштери боюнча Госдуманын башчысы Леонид Слуцкий РИА Новостиге билдирди.

«Орусиялык тынчтык фонду Бишкекте орус мектебин салып бүттү. Ал 16-сентябрда Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши менен ачылат», — деп айтылат маалыматта.

Антон Чехов атындагы мектеп 350 окуучуга ылайыкталган. 3-кабаттуу болуп салынып, 2500 квадраттык метр аянтта. Спорттук жана оюн талаасы бар.

Бүтүрүүчүлөр орус жана кыргыз аттестатын алышып, ЖРТ жана бирдиктүү мамлекеттик экзамен берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Путин КМШ саммитине 16-17-сентябрда келет.

Бөлүшүү