Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Три короны” эс алуу жайынын жээгиндеги мончо көл үстүндө жайгашып, атайын сүзүп жүрүүгө ылайыкташтырылган.

Мындай экологиялык жана санитардык нормаларды бузуп, уруксааты жок мончо иштетип жаткан  эс алуу жайына экотехинспекциянын адистери барып,текшерүү жүргүзүп жеринде акт түзүп, административдик айып коюшту.

Ошондой эле мончонун мындан аркы ишин токтотуп, аныкталган мыйзам бузууларды териштирип, чара көрүү боюнча ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Мончо

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү