Нурсултан Назарбаев 17 жаштагы кыздын өмүрүн алып кеткен окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды.

«Бир тууган кыргыз эли менен кошо бул ызаны бөлүшөбүз. Жеке менин атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Ошондой эле жабыр тарткандарга эртерээк сакайып кетүүнү каалайм», — деп айтылат билдирмеде.

27-августта Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. 17 жаран каза таап, 3 адам ооруканага жаткырылган. Үчөө Орусиянын ал эми калгандары Кыргызстандын жарандары болгондугу айтылат. 29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Бөлүшүү