Бүгүн 29-августта Москвадагы басмаканадан каза болгон кыздардын сөөгү Кыргызстанга келет.

Алдын ала  алынган маалымат боюнча учак Манас аэропортуна саат түнкү 11:00гө жакын конот. Алардын төртөө Бишкеке калганы Ошко жеткирилет.

Ошондой эле аэропортко тез жардам бригадасы жана психолог да келген.

Каза болгон келиндердин бири Маматкасымова Индиранын туугандары азыркы учурда сөөктү күтүүдө.

«Маматкасымованын энесине тез жардам көрсөтүлдү. Күтүп алуучулардын көбү кан басымы көтөрүлүп, дары ичип жатышат»,- деп билдиришти тез жардамдан.

Сөөк Түп районуна жеткирилет.

20160829_221110

20160829_221505